Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

БШК тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды


Жогорку Кеңеш бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Аталган мыйзам долбоордун демилгечиси - “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев.

Аталган мыйзам долбоорго ылайык, БШКнын курамы 12 адамдан турмакчы. Алардын төртөөнү башкаруудагы партия же коалиция, төртөөнү оппозиция, дагы төртөөнү президент сунуштамакчы. БШКга мүчө болууну каалагандардын бардыгы юристтик кесипке ээ болушу керек. Мурда БШКга 25 жаштан өйдөкүлөр талапкер боло алса, жаңы мыйзам долбоорго ылайык 21 жаштан өйдөкүлөргө уруксат. БШК мүчөлөрү беш жылга шайланмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG