Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:44

Аба ырайы


19-февралга карата синоптиктердин аба-ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10 даража суук, күндүз 0…-5 даража болот. Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6 даража, Баткенде түнкүсүн -4…-9 даража, күндүз -4…+1 даража, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…-9 даража, күндүз -4…+1 даража, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5 даража болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -28... -33, күндүз -15... -20 даража.

Бишкек шаарында 19-февралда маал-маалы менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8 даража, күндүз -1…-3 даража болот.

XS
SM
MD
LG