Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Өзгөн: тойлордо ашыкча чыгымдарга тыюу салынды


Өзгөн райондук акимчилиги той-аштардагы ашыкча чыгымдарга тыюу салды. Акимчиликтин чечимине ылайык, мындан ары той ээлери 200гө чейин гана кишини чакыра алат жана жаңы баш кошкон жубайларды тойдо үчтөн ашпаган гана унаа коштоп жүрүшү керек. Акимчиликтин буйругуна баш ийбегендер 25 миң сомдон 50 миң сомго чейинки айып пулга жыгылат. Ош облусундагы Өзгөн райондук жетекчилиги той-аштардагы ашыкча чыгымдарды тыюу чечимин элдин кызыкчылыгы менен байланыштырууда. (ErN, KKs)

XS
SM
MD
LG