Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

21-февралда айрым жерлерде кар жаайт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 21-февралда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5 градус, Талас аймагында түнкүсүн -8…-13 градус суук, күндүз 0…5 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3 градуска барабар, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус суук болот. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -22…-27, күндүз -5…-10 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 градус суук, күндүз 2…4 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG