Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

Бишкекте интернет трафигинин баасы талкууланат


Тышкы өлкөлөрдөн келчү интернеттин баасын арзандатуу, интернет сатып алуунун кошумча булактарын табууга арналган тегерек үстөл 21-февралда Бишкекте өткөрүлөт. Анын уюштуруучусу “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондусунун жетекчиси Татту Мамбеталиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстанда интернет трафигинин баасы бир катар өлкөлөргө салыштырмалуу кымбат. Мындан улам бааны арзандатуу үчүн интернеттин кошумча булактарына муктаждык бар. Бул иш-чарага Кыргызстандагы интернет тармагындагы адистер, провайдерлердин жана байланыш агенттигинин өкүлдөрү катышмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG