Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, пенсия жашындагы дарыгерлер Нарын облусундагы жалпы дарыгерлердин 68 пайызын, Ысык-Көлдө 52 пайызын, Жалал-Абад жана Талас облустарында 48 пайызын түзөт.
Кыргызстанда акыркы бир жылда 1438 дарыгер кызматтан кеткен. Алардын ичинен 184 дарыгер башка чет өлкөлөргө иштөө үчүн Кыргызстандагы кызматын ташташкан. 2010-жылы башка жылдардагыдай эле Жалал-Абад, Ош облустарында жана Бишкек шаарында дарыгерлердин чет өлкөлөргө кетиши көбүрөөк байкалган. (KKs)