Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:15

Германиянын тышкы иштер министри Тегеранга барды


Кечээ Иран соту германиялык 2 журналистти 50 миң доллар айып пулга коё берүү чечимин чыгарган. Министр Гвидо Вестервелле ирандык кесиптеши Али Акбар Салехиге эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жактагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Сот “Билд им Зоннтаг” гезитинин эки кабарчысын 20 айга түрмөгө кесүү өкүмүн чыгарып, кийин аны айып пул өндүрүүгө өзгөрткөн. Кабарчылар былтыр октябрда өлүм жазасына өкүм кылынган аялдын жакындарынан интервью алгандан кийин кармалган. Журналисттер “тыңчылык кылган жана ирандык бозгундар менен байланышы бар” деп күнөөлөнгөн.

XS
SM
MD
LG