Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Ливияда демонстрациялар башталгандан бери кеминде 104 киши мерт болду


Мындай маалыматты Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюму таратты. Айрым кабараларга караганда, Бенгази шаарында армия Муаммар Каддафинин бийлигине каршы көтөрүлгөн элге ок ачты. Күбөлөрдүн айтымында, чатырларда жайгашкан көзгө атарлар дүрбөлөң түшкөн адамдарды бутага алышкан. Чет өлкөлүк журналисттергө өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандыктан, бул маалыматтарды бышыктоо мүмкүн эмес.

Ливия өкмөтү соңку кагылышуулар, же өлгөндөрдүн саны тууралуу кабарлаган жок. Британиялык The Independent гезити Бенгази шаарында набыт болгондордун саны 200 кишиге жетиши ыктымалдыгын жазып чыкты. Нааразылык акцияларына чыккан адамдар менен полиция дагы бир нече шаарда кагылышканы кабарланууда. Баш калаа Триполиде абал азырынча тынч. Ливиянын мусулман лидерлери коопсуздук күчтөрүн карапайым элге каршы курал колдонбоого үндөдү. Бул өлкөдө өкмөткө каршы нааразылык акциялар шаршемби күнү башталган.

XS
SM
MD
LG