Санаада көчөгө чыкандар өлкөнү 32 жылдан бери башкарып келаткан президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылышты. Кечээ президенттин колдоочулары жана полиция өкмөттүн оппоненттери менен кагылышып, 5 демонстрант жарадар болгон. Күбөлөрдүн ырастоосунда, бир демонстрант атып өлтүрүлгөн. Бирок ички иштер министрлиги мындай маалыматты чекте кагууда.
Жума күнү нааразылык акциясына катышкан 5 киши окко учкан. Өлкөдө сепаратисттик маанай да өкүм сүргөнүн айта кетүү абзел. Эки Йемен 1990-жылы расмий бириккени менен, мунайга бай түштүктүн өкүлдөрү түндүктөгүлөр табигый ресурастарды басып алып, аларды дискриминациялап жатат дешүүдө.