Бул тууралуу энергетика министри Аскарбек Шадиев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, бул үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 35 млн. доллар бөлүндү. Мындан тышкары «Датка - Кемин» жогорку чыңалуудагы электр линияларын жүргүзүү үчүн Азия банкы 44,8 млн. доллар бөлдү. Министрдин сөзү боюнча, акыркы жыйырма жыл ичинде Кыргызстан энергетикалык коопсуздугун камсыздай алган эмес.
«Айгүл-Таш - Самат» жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиясынын курулушу өткөн жылы 19-мартта башталып, кийинчерээк өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу токтоп калган.(ZKo)
«Айгүл-Таш - Самат» жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиясынын курулушу өткөн жылы 19-мартта башталып, кийинчерээк өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу токтоп калган.(ZKo)