Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Атамбаев: Кыргызстан донорлордон убада кылынган акчанын үчтөн бирин гана алды


Эл аралык донор уюмдары өткөн жылы Кыргызстанга 1 млрд. 160 млн. доллар берүүнү убада кылышкан, мунун ичинен 755 млн. доллар 2010-жылы берилмек. Былтыр Кыргызстан болгону 250 млн. доллар гана каржылык жардам ала алды деп билдирди өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев эл аралык донор уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушууда. Ал буга эки тараптуу иштер жакшы жүргүзүлбөгөндүгү себеп болгонун айтып, каржылык жардам берүү тартибин жөнөкөйлөштүрүү жана мөөнөтүн кыскартуу жагын карап көрүүнү донорлордон өтүндү.

2010-жылы 27-июлда Бишкекте болгон донорлордун жыйынында Кыргызстанга 30 ай ичинде 1 млрд. 160 млн. долларлык каржылай жардам берүү чечими жактырылып, анын 600 миллиону 2010-жылы берилмек болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG