Жогорку Кеңештин адам укуктары, бирдей мүмкүнчүлүк жана коомдук бирикмелер боюнча комитети бүгүнкү жыйынында аталган комитеттин алдында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар иши боюнча кеңеш түзүү тууралуу чечим кабыл алды. Комитет төрагасы Дастан Бекешевдин билдиришинче, мындай кеңеш майып адамдардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга өбөлгө болот. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар саны 120 миңден ашат. (EBM)