Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Кытайда тополоңдун алдын алуу зарылдыгы айтылууда


Өлкөнүн ички коопсуздук боюнча мекемесинин башчысынын билдиргенине караганда, тез өзгөрүп жаткан коом өкмөттөн башалмандыктардын чыгып кетишин алдын алуу үчүн жаңы ыкмаларды табууну талап кылып жатат.

Кытай компартиясында ички коопсуздук маселелерин тейлеген Чжоу Юнкан расмий өкүлдөр социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жаңы тенденцияларга ылайыкташуусу керектиги тууралуу Бээжинде алар менен болгон жыйында айткан.

Мунун алдында кечээ полиция Бээжин менен Шанхайда жыйнала калган ондогон адамдарды таркаткан. Ага чейин Кытайдын интернет сайттарында араб дүйнөсүндөгүдөй “жасмин ыңкылабына” үндөгөн чакырыктар жасалган болчу.

XS
SM
MD
LG