Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 04:19

Ооганстанда жанкечти чабуулунан 26 киши каза тапты


Окуя өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясында болду. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жанкечти өзүн провинциянын Имам Шахиб деген районунда ID картын алуу үчүн каз-катар тизилип турган адамдар арасында жардырган. Андан 26 киши өлүп, ондогон адамдар жаракат алды. Жардыруу жасалган жер Талибан таяныч бекет кылган аймак катары эсептелинет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG