Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


22-24-февраль күндөрү жааган карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо боюндагы унаажолдордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болот. Айдоочулар 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

22-февралда Кыргызстанда маал-маалы менен кар, айрым жерлерде жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5градус жылуу. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Бишкекте 22-февралда маал-маалы менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1... -3, күндүз +1... +3 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG