Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Президент экинчи мөөнөткө барбасын дагы бир ирет тастыктады


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн Нарындын Ат-Башы районундагы Ой-Терскен мектебинде аймактагы мектеп деректирлери менен жолугушууда билдирди. Анда президент өлкөдөгү соңку саясий абал тууралуу сөз сүйлөп, жаңы өкмөткө иштегенге мүмкүнчүлүк берилиши керектигин билдирди. Президент өзүнүн башкаруу мөөнөтүн узартуу тууралуу сунуш киргизип жаткан адамдарга ыраазы экенин, бирок келерки президенттик шайлоодо талапкерлигин койбой турганын айтты. “Биз 2010-жылы 27-июндагы референдумда чечилгендей тынч жол менен бийликти өткөрүп бере аларыбызды далилдешибиз керек”, - дейт Отунбаева. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG