Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Ливияда кагылышуулар жүрүп жатканы кабарланууда


Маалыматтарга караганда, борбор Триполиде демонстранттар административдик имараттарга, анын ичинде өкмөттүн, мамлекеттик теленин имаратына өрт койду. Мунун алдында Ливия лидери Муаммар Каддафинин баласы эгер демонстранттар сунуш кылынган реформаны кабыл албаса, кан төгүлүп, өлкө жарандык согушка кептелерин эскерткен.

Саиф ал-Ислам Каддафи теледен сүйлөгөн учурда атасынын бийлигине каршы козголоңду четтен уюшулган кутум катары мүнөздөдү. Ага катар олуттуу саясий реформаларды убада кылды:

- Эртең биз өлкөнү чоң кан төгүүдөн сактап кала алабыз жана бул ири тарыхый жетишкендик болот. Азыркы биринчи режимдин ордуна экинчи режим келет. Биринчи режимди унуткула жана биз жаңы системаны мунасанын негизинде куруп баштай алабыз. Болбосо силер ливиялыктар ортосундагы карама-каршылыкка даяр болгула.

Ливия лидеринин уулу азыркыга чейин 84 киши каза тапканын кошумчалады. Бирок Хьюман Райтс Уочт уюмунун маалыматына караганда, өлгөндөр саны кеминде 233. Ливияда элдик толкундоолор борбор Триполиге жеткенге чейин өлкөнүн чыгышынан башталган. Азыр маалыматтарга караганда, экинчи ири шаар –Бенгази негизинен демонстранттардын колунда.

XS
SM
MD
LG