Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Жалал-Абад: Жасалма акча менен шугулдангандар изделүүдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын билдиришинче, Сузак районунун Бек-Абад айылынын бир тургуну жасалма акча менен колго түштү. Колго түшкөн адам уюшма кылмыш топтун мүчөсү экени айтылууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, азыр жасалма акча чыгаргандарга тиешеси бар адамдарды иликтеп-издөө иштери уланууда.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында уюшма кылмыш топтун мүчөсү делген адам 8 миң жасалма сом менен колго түшкөн. Тинтүү учурунда жасалма акча жасоочу жабдуулар алынган. Облустук ички иштер башкармалыгы кармалган Буниед Арапов мурда соттолгон жана “кара Айбек” деген ат менен таанымал Айбек Мирсыдыковдун бир тууганы Аваз Мирсыдыковдун уюшма кылмыш тобунун активдүү мүчөсү экенин маалымдаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG