Бүгүн өкмөткө каршы көтөрүлүш борбор Триполиде жайылып, ошол эле учурда демонстранттар экинчи ири шаар – Бенгазиге көзөмөл орноткону кабарланууда. Мунун алдында Ливия лидери Муаммар Каддафинин баласы Саиф ал –Ислам Каддафи өткөн түнү теледен сүйлөгөн учурунда атасы жана анын коопсуздук күчтөрү “акыркы огуна” чейин күрөшөрүн эскерткен болчу.
Күбөлөрдүн айтымында, алар Триполиде топтолгон адамдарды снайперлер атып кетип жаткан учурларды көргөн. Хьюман Райтс Уочт уюмунун маалыматына караганда, өткөн бейшембиден бери бул өлкөдө кагылышта өлгөндөр саны 230дан ашты.
Ливияда элдик толкундоолор борбор Триполиге жеткенге чейин өлкөнүн чыгышынан башталган. Бүгүн, маалыматтарга караганда, экинчи ири шаар – Бенгазинин көчөлөрү демонстранттардын колуна өткөндөй, кечээги атышуулардан ал жерден ондогон киши каза тапкан.
Бул аралыкта Батыштын бир катар ири мунай компаниялары Ливиядан анча зарыл эмес кызматкерлерин эвакуациялап жатканын жарыялашты жана эл аралык базарда мунай баасы дароо көтөрүлдү.