Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:52

Бүгүн бир катар аскер бөлүктөрүндө «Ачык эшик» акциясы өткөрүлөт


Коргоо министрлигинен «Азаттыкка» маалымдашкандай, мындай иш-чара жыл сайын Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата өткөрүлүп келет. Бул күнү мектеп окуучулары, студенттер жана башка каалоочулар бир катар аскер бөлүктөрүнө барып, андагы жоокерлердин турмушу менен жакындан тааныша алышат.

Ошондой эле 22-февралда Бишкектин Жеңиш аянтында бийлик өкүлдөрү, аскер ардагерлеринин катышуусунда Мекенди коргоочуларды эскерүү болот.

23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү катары Кыргызстанда 2003-жылдан бери белгиленип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG