Парламенттин Социал-демократиялык фракциясы кыргыз өкмөтүнүн уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы иш-чараларын колдоого алат деп айтылат аталган фракция 21-февралда тараткан билдирүүдө. Билдирүү ээлери мыйзамсыздыкка, элдин жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган процесстерге каршы күрөшүүгө мезгил келип жетти деп белгилеп, мурдагы бийликтин кылмыш дүйнөсү менен коюн-колтук алышуусу коррупциянын гүлдөшүнө, экономикалык кризиске, мамлекеттик каражаттардын уурдалышына алып келген деп эсептешет. Ошондой эле анда кылмыш дүйнөсү күч менен гана эмес, саясий жактан да басым кылууга аракеттенип, бүгүнкү күнү коомдун бардык катмарына аралашып, бийликке жулунуп жатканы айтылат.
Акыркы убактарда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук күч алганын президент Роза Отунбаева бир нече жолу белгилеген. Акыркы айларда ИИМ тарабынан кылмыш дүйнөсүнүн бир катар мүчөлөрү кармалганы кабарланууда.(ZKo)