Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Башкы прокуратура Пайзуллабек Рахмановго кылмыш ишин козгоду


Башкы көзөмөл органы ага мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигин жетектеп турган учурда «кызмат абалынан пайдаланган», «ишенип тапшырылган мүлккө кол салган» деген фактылар боюнча айып тагууда. Башкы прокуратурадан «Азаттыкка» маалымдашкандай, Пайзуллабек Рахманов менен кошо Мамлекеттик материалдык резерв фондунун башчысы Үсөнакун Жусуповго жана анын орун басары Александр Шутка да кылмыш иши козголду. Иш козгоого Балыкчыдагы «Ысык-Көл Дан-азык» ишканасына таандык имараттын жасалма документтер менен арзан баага сатылып кетиши негиз берген.

Пайзуллабек Рахманов 2008-2010-жылдары мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигин жетектеп турган. Апрель окуясынан кийин ага Башкы прокуратура тарабынан издөө жарыяланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG