Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Аба ырайы: Шашылыш кабар


22-24-февраль күндөрү жааган карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо боюндагы унаажолдордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болот. Айдоочулар 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

23-февралда Кыргызстанда маал-маалы менен кар, айрым жерлерде жаан жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 14-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…-6 градус суук. Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…-6 градус суук.
Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7 градус суук.
Тоолордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -8…-13 градус суук болот.

Бишкекте 23-февралда маал-маалы менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1... -3, күндүз -2... -4 градус суук болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG