Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Жаңы Зеландия: жер титирөөдө кеминде 65 киши жабыркады


Крайсчөрч шаарындагы 6.3 даража болгон жер силкинүүдөн бери дегенде 65 киши өлгөнүн өлкө бийлиги билдирди. Премьер-министр Жон Ки кооптонуу дагы бардыгын айтып, шаарда өзгөчө кырдаал киргизилгендигин маалымдады. Өрттөн сактоо кызматы болсо урандылардын алдына адамдар калгандыгын билдирди.

Жаңы Зеландиянын экинчи чоң шаарында жер титирөө түш ченде болуп, имараттар кулап, анын оор урандылары көчөлөрдү басып калган. Соңку 5 айда бул шаарда экинчи жолу катуу жер титиреди. Өткөн сентябрда 7.1 балл жер силкинген.

XS
SM
MD
LG