Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

ЕККУнун дагы 10 кеңешчиси келет


ЕККУнун Бишкек кеңсесинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, ушул тапта кеңешчилер милиция менен элдин ортосундагы мамилени жакындатуучу усулдарын тартип коргоо кызматкерлери менен бөлүшүүдө. Анын маалыматы боюнча жаңы жылдан тарта ЕККУга мүчө ар кайсы өлкөлөрдөн 20 кеңешчи келген, жакын арада дагы 10 кеңешчи келиши күтүлүүдө. ЕККУ кеңешчилери Ош, Жалал-Абад облустарында иш алып барышууда.

ЕККУнун кеңешчи тобу АКШ, Түркия, Сербия, Болгария, Финляндия, Орусия, Украина, Швеция жана Литвадагы күч кызматкерлеринен турат. Алар Кыргызстандын ички иштер тармагын реформалоого көмөктөшүү үчүн келип жатышат.

XS
SM
MD
LG