Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Бишкекте бүгүнтөн тарта нан 8-10 пайызга кымбаттайт


Бишкектеги наабайчылар нандын баасын 1 сомго көтөрүүгө аргасыз болуп жаткандыгын наабайчылар коомдук бирикмесинин төрагасы Акбар Атакеев билдирди. Анын айтымында, шаардагы тегирмендер унду күн өткөн сайын кымбат баада сатышууда. Натыйжада 1 килограмм унду 27 сомдон сатып алуу менен наабайчылар ар бир нандан болгону 14 тыйын пайда көрүп жатышат. Ундун 1 кг. 28 сом болгон соң, 400 грамм өлчөмүндөгү нандын баасы 23-февралдан тарта 13 сомго, ал эми 1 кг салмактагы нан 33 сомго чыгат деп маалымдады Акбар Атакеев 22-февраль күнү Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин коллегиясында. Ал эми Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Бабырбек Жээнбеков 1-вице-премьер-министрдин тапшырмасы менен "Агроазык-түлүк" ишканасы Бишкектеги наабайканаларга ундун килограммын 22-23 сомдон сатууга милдеттендирилгенин билдирди.

Ушул тапта 1-сорт ундун бир килограммы 28-30 сомдун айланасында сатылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG