Иш-чара Жогорку Кеңештин каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун демилгеси менен Бишкектеги “Хаят” мейманканасында уюштурулууда. Жыйында 2011-жыл бюджетинин көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланат. Иш-чарага парламент депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү жана адистер чакырылган. Акылбек Жапаровдун белгилегени боюнча мамлекеттик бюджет тууралуу коомдук талкуу 2011-жылдын бюджет долбоорундагы бир катар көйгөйлөрдү ачык талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун бирге издөө максатында уюштурулуп жатат. Мындан тышкары мамлекеттик бюджет долбоорунун айланасындагы маселелер тууралуу элди да кабардар кылуу зарылчылыгы бар дейт Акылбек Жапаров.
2011-жылдын мамлекеттик бюджет долбоору 24-январда өкмөт тарабынан жактырылган. Бюджеттин чыгашасы 89 млрд. сом, кирешеси 68 млрд. сом, тартыштыгы 21 млрд. сомду түзөт. (ZKo)
2011-жылдын мамлекеттик бюджет долбоору 24-январда өкмөт тарабынан жактырылган. Бюджеттин чыгашасы 89 млрд. сом, кирешеси 68 млрд. сом, тартыштыгы 21 млрд. сомду түзөт. (ZKo)