Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


23-24-февраль күндөрү жааган карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо боюндагы жолдордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болот. Айдоочулар 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

23-февралда Кыргызстанда маал-маалы менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 14-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7 градус суук. Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…-8 градус суук.
Баткен облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7 градус суук.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6 градус суук.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6 градус суук.
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7 градус суук.
Тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Бишкекте 23-февралда маал-маалы менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8... -10, күндүз -3... -5 градус суук болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG