Бул өлкөнүн бийликтери терроризм боюнча айыпталган 23 шийит активистти абактан чыгарышты жана четте жашаган эки активистке кечирим беришти. Парламенттеги оппозиция мүчөсүнүн айтымында, жалпысынан 100дөй активист бошотулду, бирок абакта дагы ондогондору кала берүүдө. Саясий айыпкерлердин абактан чыгарылуусу Бахрейнде өкмөт бийликке шайлануу жолу менен келүүсүн талап кылып жаткан демонстранттардын негизги талаптарынын бири эле. Бул өлкөдө өткөн аптадагы кагылыштар учурунда жети киши өлүп, жүздөгөндөрү жаракат алган.