Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Кытайлыктарды "Жасмин демонстрациясына" чыгууга чакырышууда


Интернеттеги бул өнөктүктө кытайлыктарды ар аптанын жекшембисинде 13 шаарда өкмөт айкындуулуукка жана ой-пикирди эркин билдирүүгө жол ачышы үчүн демонстрацияларды өткөрүүгө үндөп жатышат. Кытайдан тышкары жакта жайгашкан “Boxun.com” деген сайттагы бүгүнкү чакырык, ушундай эле үндөөнү өткөн аптада жасаган топко эле тиешелүүдөй. Андагы чакырык борбор Бээжин жана башка шаарлардын демонстрация өтүшү мүмкүн деген жайларында полиция күчтөрүн топтолуусун шарттаган. Бирок адамдар көп деле чогулган эмес. Кытайлыктарды “Жасмин демонстрациясына” чыгууга үндөгөндөр Тунисте президентти бийликтен кулаткан “Жасмин ыңкылабын” эске алып жатышат.

XS
SM
MD
LG