Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Барак Обама Ливиядагы кан төгүүнү айыптады


АКШнын президенти Барак Обама Ливия армиясынын карапайым элге күч колдонушун айыптаган билдирүү жасады.

Мунун алдында Мамкатчы Хиллари Клинтон Ливиянын өкмөтү жоопко тартыла тургандыгын эскерткен:

- Биз дүйнөнүн калган өлкөлөрүнө кошулуп, Ливиянын өкмөтүнө кан төгүү токтотулсун, Ливиянын өкмөтү азыркы кылгандары үчүн жооп берет деп ачык-айкын эскерткибиз келет.

Европа Биримдиги демонстранттарга каршы курал колдонулушуна байланыштуу, Ливияга каршы санкция киргизүү караштырылып жатат.

XS
SM
MD
LG