Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Ливия: оппозиция чыгыш шаарларын көзөмөлдөп калды


Өлкөнүн жарымын ээлеген Киренаика аймагында көтөрүлгөн эл Тобруктан Бенгази шаарына чейинки тилкени көзөмөлдөп тургандыгы, алар тарапка өкмөттүк аскерлер өтүп жатканы кабарланууда. Дагы бир нече ливиялык дипломат Каддафиге каршы чыкты.

Каддафинин колдоочулары Триполини кармап турат. Баш калаада кечээ ок атышуунун добушу угулуп турду. Каддафинин аз сандаган колдоочулары жол башчынын чакырыгы менен көчөгө чыгышты.

Ливиянын өкмөтү толкундоолор башталгандан бери 300 киши каза болгондугун билдирди, бирок Адам укуктарынын Эл аралык Федерациясы бул сан аз дегенде 640 экендигин айтууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG