Тышкы иштер министринин маалымат катчысы Давлат Назриев Ливияда 21 тажик жараны, негизинен студенттер бар экенин билдирди. Анын айтымында, министрлик Орусиянын Триполидеги элчилигинен тажик жарандарын алып кетүүгө жардам сурады. Орусиянын Чукул абалдар министрлиги бул өтүнүч жерде калбаарын, бирок өлкө биринчи орус жарандарын чыгарып кетиши керектигин билдирди. Триполиден Орусияга учуп келген биринчи учакта негизинен орустар жана аз санда казак жарандары бар экендиги кабарланууда. Тажикстандын Каирдеги баш консулу Музафар Мухамади Ливия менен байланыш дээрлик мүмкүн болбой жаткандыгын бышыктады.