Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Донецкидеги украин мектеби жабылбайт


Украинанын чыгышындагы Донецк шаарындагы украин тилинде сабак өтүлгөн мектепте окуган окуучулардын ата-энелери алар жергиликтүү бийликти мектепти жаппоого көндүрө алгандыгын билдиришти. Донецкинин Буденый райондук кеңешинин төрагасы Виктор Картцев мектеп мурда пландалгандай жабылбай тургандыгын, анткени украин тилинде окугусу келген балдардын саны жогору экендигин билдирди. Донецк бийликтери быйыл шаардагы 26 мектеп жабылаарын эскерткен. Жергиликтүү тургундар бул тизмедеги окуу жайлардын көпчүлүгү украин мектептери экендигин айтып чыгышкан. Донецкиде бир миллион калктын жарымы орустар, жарымы украиндер, бирок алардын көбү орус тилинде сүйлөшөт.

XS
SM
MD
LG