Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

АКШ базасына авиакеросин ташуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды


АКШнын “Манас” аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борборуна авиакеросинди түз ташуу тууралуу мыйзамдын долбоорун парламент депутаттары биринчи окууда кабыл алышты. Былтыр күйүүчү май куюучу “Манас” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, Орусиянын “Газпромнефть - Аэро” ишканасы менен биргеликте АКШ базасына күйүүчү май ташуу келишимине кол коюшкан. Бул ишти аткаруу үчүн кыргыз-орус биргелешкен ишканасы да түзүлгөн. Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун айтымында, биргелешкен ишкананын 51 пайызы орустардыкы, 49 пайызы кыргыз тараптыкы болот.

Былтыр 7-апрелде бийлик алмашкандан кийин АКШ базасын күйүүчү май менен камсыздоо иштеринде чоң коррупция бар экени айтылып, кылмыш иши козголгон. Көптөгөн талаш-тартыштан кийин АКШ тарап кыргыз тарапка авиакеросиндин 50 пайызын камсыздоо укугун берүүгө макул болгон. Мындай ишмердүүлүктүн натыйжасында өлкө бюджетине жылына 50-60 миллион долларга жакын акча түшөрү болжонууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG