Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Стамбулда Айтматовдун кино жумалыгы өтүүдө


Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган көркөм тасмалардын «Даркан талаанын ырчысы» деген аталыштагы жумалыгы 19-февралда Стамбулда башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Жумалыктын программасына улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде «Кыргызфильм» жана башка студияларда тартылган тасмалар кирген.

«Күчүкчекмеже» маданий борборунда Ч.Айтматовдун түрк тилине которулган китептеринин көргөзмөсү, Вандагы этникалык кыргыздардын өкүлү Тажигүл Кунтуздун «Кыргыз аялдарынын баш кийимдери» деген экспозициясы дагы коюлду.

Стамбулдагы кыргыздар коому тиккен боз үйдө даам татылып, кыргыз, түркмөн, өзбек жана азербайжан элдеринин музыкасынын концерти өттү.

XS
SM
MD
LG