Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Wikileaks сайтынын ээси Швецияга өткөрүп берилиши мүмкүн


Соңку кабарларга ылайык, лондондук сот Wikileaks сайтынын ээси Жулиан Ассанжды Швецияга өткөрүп берүүсү мүмкүн. Ассанждын адвокаттары эгер ал Швецияга берилсе, анда адилет сот болбостугун айтууда. Адвокат Жеффри Робертсон Швеция Ассанжды АКШга өткөрүп бериши да мүмкүндүгүн четке какпайт.

Чуулгандуу Wikileaks сайтынын ээси Жулиан Ассанж өткөн жылдын декабрь айында камакка алынып, кийин чоң күрөөгө бошотулган. Ассанжды кармоого эки аялдын сексуалдык мүнөздө айыптоосу негиз болгон.

Ассанж өзү мындай айыптарды четке кагып, сот ишин Швеция бийлигинин саясий буйрутмасы деп түшүнөт.

XS
SM
MD
LG