Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Ливиядан кыргыз студенттери азырынча кайткысы жок


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин бөлүм башчысы Алмаз Имангазиев "Азаттыкка" билдирди:

- Адилет Койчумановдун маалыматы боюнча биздин студенттер университеттин кичинекей шаарчасында. Ал шаарча кайтарууда. Биздин элчиликтин өкүлдөрү аларды чыгарып кетүү керекпи деп сураганда, Адилет Койчуманов азырынча аларды алып чыгуунун кереги жок деп айтты.

Алмаз Имангазиев Триполи шаарындагы “Ислам чакырыктары” деген университетте окуган Адилет Койчумановго шилтеме берип, аталган окуу жайда 6 кыргызстандык билим алаарын билдирди.

Буга чейин Сауд Аравиясындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Ливия жана Йемендеги кыргыз жарандарынын санын тактоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын ТИМ билдирген. Алдын ала маалыматтар боюнча Йеменде Кыргызстандын 12-15 чакты жарандары бар.

XS
SM
MD
LG