"Боз талаанын булбулу" деп аталган кино жумалыгы 19-февралдан бери түркиялык көрүүчүлөргө тартууланууда. Анда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына "Кыргызфильм" жана башка студиялардан тартылган көркөм жана даректүү тасмалар түрк тилинде көрсөтүлүп жатат. Айтматовдун кино жумалыгын өткөрүү демилгесин Стамбул шаарынын Күчүкчекмеже районунун жетекчилиги көтөрүп, уюштурууда. Иш-чарага Кыргызстандан жазуучунун жакындары, кино жана башка көркөм өнөр өкүлдөрү да катышып жатышат.
20-кылымдын таланттуу жазуучусу, белгилүү сүрөткер Чыңгыз Айтматов ондогон көркөм чыгармаларды жараткан. Анын дээрлик бардык чыгармалары тасмага айландырылган. (ZKo)
20-кылымдын таланттуу жазуучусу, белгилүү сүрөткер Чыңгыз Айтматов ондогон көркөм чыгармаларды жараткан. Анын дээрлик бардык чыгармалары тасмага айландырылган. (ZKo)