Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Ажылык зыяратты муфтиятка берүүчү мыйзам долбоор экинчи окууда жактырылды


Ажылык зыяратты уюштуруу ишин муфтиятка берүү каралган мыйзам долбоор парламентте экинчи окууда жактырылды. Мындай чечим бүгүн “Дин ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” деп аталган мыйзамга оңдоо киргизүү маселесин талкуулоодон кийин чыгарылды. Ага ылайык, ажылык сапарды уюштуруу иштеринде коррупцияны азайтуу үчүн аны муфтиятка берип, көзөмөлдү күчөтүү керек. Уюштуруу иштерине Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Транспорт министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети аралашмакчы. Бир катар депутаттар мыйзамды үчүнчү окууда кароодо, ажылык сапарды уюштурууда муфтияттын жоопкерчилигин белгилөө керек деген сунушту айтышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG