Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Маалымат каражаттырынын маселелерин талкуулаган жыйын өтөт


28-февралда кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультети “Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын маселелери” аттуу экинчи республикалык медиа-симпозиумун өткөрмөкчү. Бул тууралуу "Азаттыкка" КТМУнун Коммуникация факультетинин кызматкери Элира Турдубаева билдирет.

Иш-чара Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын абалын, орчундуу маселелерин талкуулоо жана аларды чечүүчү жолдорун сунуштоо максатын көздөйт.

Симпозиумга Кыргызстандагы ММК тармагына тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү ММКынын жетекчилери, өлкөнүн бардык областтарында эмгектенген журналисттер, журналистика факультеттеринин декандары, мугалимдери жана студенттери катышат.

Кыргызстандагы коомдук жана жеке менчик телерадио берүүлөрүнүн абалы, басма сөздүн өнүгүү маселелери, социалдык медиа (блогдор, интернет ММК), медиа изилдөөлөр жана медиа тармагындагы билим берүү маселелери көтөрүлүп, талкууланмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG