Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Жаңы Зеландиядагы зилзалада курман болгондордун саны 113кө жетти


Жаңы Зеландиянын өкмөтү Крайстчерч шаарындагы зилзалада набыт болгондордун саны 113кө жеткенин жана дайынсыз жоголгондор тирүү табыларына ишеним өтө аз экенин билдирди. Жарандык коргонуу министри Жон Картердин 25-февралда билдиришинче, урандылардын астынан акыркы ирет тирүү адам 23-февралда табылган. Ырасмий маалымат боюнча, 22-февралдагы 6,3 баллдык жер тербетүүдө жоголгон 200дөн ашуун адамдын тагдыры дале белгисиз. Алардын арасында Крайстчерчте англис тилин үйрөнүп жүргөн Жапония, Кытай жана башка Азия өлкөлөрүнөн келген студенттер бар.

XS
SM
MD
LG