Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:03

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


25-27-февралда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдордо кар көчкү жүрүшү ыктымал. Айрым жерлерде кар күрткүсү орун алып, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык болушу сунуш кылынат.

26-февралга карата синоптиктердин аба-ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, айрым жерлерде кар түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл тилкесинде 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19 даража суук, күндүз -4…-9 даража болот. Талас облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 даража, Баткенде түнкүсүн -7…-11 даража, күндүз -1…-6 даража, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10 даража, күндүз 0…-5 даража, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9 даража болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -24... -29, күндүз -14... -19 даража.

Бишкек шаарында 26-февралда бир аз кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -16…-18 даража, күндүз -5…-7 даража болот.

XS
SM
MD
LG