Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Ливиядагы кыргыз студенттери менен эки күндөн бери байланыш жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Сауд Аравиясындагы Кыргызстандын элчилигинде ачылган “чукул телефон” кызматындагылар кабарлашты. “Чукул телефон” кызматы аталган чөлкөмдөгү толкундоолор болуп аткан өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарына жардам берүү иретинде ачылган эле. Элчиликтин кызматкерлеринин айтымында, эки күндөн бери Ливия менен телефон аркылуу да, интернеттен да байланыш жок болуп жатат. Андыктан, Триполи шаарында билим алып аткан алты кыргыз студентинин тагдыры азырынча белгисиз болууда. Ливиядагы кыргыз жарандарынан эки күндөн бери кабар алуу мүмкүн болбой атканын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгы да тастыктады. Буга чейин ТИМ Ливиядагы студенттердин бири менен телефон аркылуу сүйлөшүлгөнүн, алар коопсуздугу жайында экенин жана окууларын уланта турганын айтышканын билдирген. (IJz)

XS
SM
MD
LG