Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:21

"Боинг" 35 миллиард долларлык долбоорду утуп алды


Кошмо Штаттардын “Боинг” (Boeing) компаниясы АКШнын аба күчтөрүнүн ири заказы үчүн болгон тендерде европалык атаандашын (European Aeronautic Defence & Space Company, кыскача, EADS) утуп алды. Пентагондун билдиришинче, 35 миллиард долларлык келишимге ылайык, “Боинг” аскерий учактарга асманда май куючу 179 учак курат. Алардын алгачкы 17си 2017-жылы пайдаланууга берилет. EADS тендердин жыйынтыгына ынанбаса, он күндүн ичинде арыздана алат.

 

XS
SM
MD
LG