Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Текебаев: Эл аралык комиссия июнь окуясын иликтеп болду


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун комиссиясы былтыр жайда Кыргызстандын түштүгүндө болгон коогалуу окуя боюнча иликтөөсүн бүтүрдү. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Киммо Килюннен 24-февралда Венада уюмдун жыйынында жарыя кылды.

“Эл аралык комиссия иликтөөсүн бүткөрүп, жыйынтыгы чыкты. Ал(доклад) келерки жумада Кыргызстандын президентине жөнөтүлөт. Ага Кыргыз өкмөтү өз комментарийин берүүгө тиийиш. Доклад толук бойдон Кыргыз өкмөтүнүн комментарийи менен кошо март айынын аягында коомчулукка жарыяланат”,-
деди Кыргыз парламентинин мүчөсү Өмүрбек Текебаев 25-февралда Венадан телефон аркылуу “Азаттыкка” курган маегинде.

XS
SM
MD
LG