Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

ЕБ Ливияга чектөөлөр киргизмекчи


Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөр Ливияга каршы чектөө (санкция) киргизели деп макулдашты.

Дипломаттардын айтышынча, 25-февралда Брүсселде өткөн жыйында Европа Биримдиги Ливияга аскердик каруу-жарак сатууга эмбарго жарыялайлы, бул түндүк африкалык өлкөнүн уюмга мүчө 27 мамлекеттин банктарындагы акчасын тоңдуралы жана ливиялык өкмөт мүчөлөрүнүн ЕБга мүчө мамлекеттерге каттоосуна тыйуу салалы деп чечкен.

Эмбарго аскердик техникага кошумча демонстранттарга каршы колдонулчу заттарды сатууга тыйууну да камтыйт.

Бул чектөөлөр ырасмий түрдө келерки аптада бекитилери кабарланды.

XS
SM
MD
LG