Польшанын парламенти кабыл алган соңку резолюцияда президент Лукашенконун өкмөтү адам укуктарын бузуп жатканы үчүн айыпталат. Поляк парламентарийлери ошондой эле беларус өкмөтүнөн саясий айыпкерлерди тезинен бошотууну талап кылды жана репрессияларды токтотууга чакырды. Өткөн айда Европа биримдиги беларус бийликтерине каршы санкцияларын калыбына келтирип, Лукашенконун жана башка расмий өкүлдөрдүн биримдиктин өлкөлөрүнө келүүсүнө тыюу салган эле. Брюсселдин мындай кадамына декабрдагы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциясынын күч менен басылышы түрткү болду.