Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Байболов: Ош окуясы боюнча иштер токтотулган жок


Ош окуясы боюнча козголгон 5334 кылмыш ишинин ичинен 4210 иш токтотулгандыгы тууралуу 24 kg маалымат агенттиги Башкы прокуратурага шилтеме берип жарыялаган. Маалыматта Башкы прокуратура тарабынан Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын прокуратура органдарынын иштеринде олуттуу кемчиликтер белгиленгендиги айтылган. Ошондой эле аймактагы прокуратурага массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш иштерин тартипке келтирүү, токтотулган иштер боюнча чечимдердин мыйзамдуулугун иликтөө тапшырмасы берилгендиги кабарланган. Башкы прокурор Кубатбек Байболов Ош окуясы боюнча иштер токтотулбагандыгын, бир эле окуя боюнча козголгон бир нече кылмыш иштери ирээттештирилип жатканын “Азаттыкка” билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG