Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Транзиттик борборго керосинге атайын салык салуу демилгеси көтөрүлдү


АКШнын Кыргызстандагы транзиттик борборуна келчү авиакеросинге атайын төлөм киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. Мындай демилгени көтөрүп чыккан Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитетинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун "Азаттыкка" билдиришинче, эгерде төлөм киргизилсе, АКШнын транзиттик борборуна күйүүчү май ташыган компаниялар авиакеросиндин бир тоннасына жүз доллардан салык төлөөгө милдеттүү болот. Натыйжада бир жылда өлкө бюджетине 1 миллиард 880 миллион сом түшмөк. Транзиттик борбордун күйүүчү майларына төлөм киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 24-февралдагы биринчи окууда жактырды.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги болсо мындай демилгеге каршы жүйөөсүн билдирген болучу. Элчиликтин маалыматына ылайык, 2009-жылы эки тарап ортосунда түзүлгөн келишим боюнча, АКШ тарабынан же анын атынан Кыргызстандын аймагында сатылып алынган товар же көрсөтүлгөн кызматтар салык, бажы жана башка ушул сыяктуу Кыргызстандагы төлөмдөрдөн бошотулат. Транзиттик жүк ташуу борборуна алынып келген товарлар жана кызматтардын тизмесине алып сатарлар тарабынан камсыз кылынган авиакеросин да кирет экен. (AzK)

XS
SM
MD
LG